Олайнфарм жөнүндө

КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

«Олайнфарм» акционердик коому дары-дармектерди, активдүү химиялык субстанцияларды жана башка химиялык заттарды жасоо жаатында 45 жылдан ашуун өндүрүү тажрыйбасы бар Балтика өлкөлөрүнүн ири компанияларынын бири болуп эсептелет.

Компания 1972-жылы «Олайн химиялык-фармацевтикалык завод» аталышы менен мамлекеттик ишкана катары негизделген, анын негизги максаты Советтер Союзунун даяр дарылардык формалары чыгаруу менен алектенген бардык заводдорун фармацевтикалык субстанциялар жана жарым продукттар менен камсыз кылуу болгон.

Азыркы убакта «Олайнфарм» – Латвиянын жана Балтиканын башка өлкөлөрүнүн фармацевтикалык тармагынын ири өкүлдөрүнүн бири, анда 1000ге жакын жогорку квалификациялуу адистер эмгектенет. Компания эл аралык практикадагы заманбап технологияларга ээ жана талаптагыдай өндүрүш практикасынын (GMP) дарыларын өндүрүүнүн шайкештик тастыктамасы, ISO 14001:2004 стандартына шайкештик экологиялык тастыктамасы бар, ошондой эле АКШ (FDA) инспекциясынын стандартына шайкештиги тастыкталган.

БИЗ МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ

Олайнфарм акционердик коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсу 340-241

Тел.: +996 312 90 84 07

Е-мейл: akuseinova@olainfarm.com

Өкүлчүлүктүн башчысы: Кусеинова Айгул Айсаракуновна

Olainfarm концернине Silvanols  жашыл фармацевтикасы, Latvijas aptieka дарыканалары тармагы, Tonus Elast медициналык чоюлгуч буюмдарын өндүрүүчү, производитель натуральных лекарственных препаратов и пищевых добавок NPK Biotest (Белоруссия) табигый дары-дармектерин жана тамак-аш кошулмаларын өндүрүүчү, Klīnika DiaMed жана Olainmed медициналык мекемелери, Kiwi Cosmetics экокосметикаларын өндүрүүчү кирет.

негизги